Словянск шаарынын жанында орусиячыл козголоңчулар дагы бир тикучарды атып түшүрдү. Украинанын ички иштер министрлигинин билдиришинче, пулеметтон аткыланган “Ми-24” дарыяга түшкөн, экипажы тирүү калган. 2-майда да жикчилдер Словянскинин четинде эки тикучарды ракета менен атып түшүргөн.
5-майда Словянскинин атарабындагы кагылыштарда Украин армиясы төрт аскеринен да ажырады. Орусиячыл согушчандар адамдарды тирүү калкан катары пайдаланууда жана аскерлерге үйлөрдөн ок атууда, деп айтылат билдирүүдө.
Украин өкмөтү өлкөнүн чыгышындагы жана түштүгүндөгү куралдуу калабалар үчүн Орусияны айыптоодо. Андай айыптоолорду Москва четке кагууда.