Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Чек арага топтолгон эл тарай элек


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакта эки мамлекеттин күч кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалды чогуу көзөмөлгө ала баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ушул тапта жагдай бир аз туруктуу. Бирок эки тараптан тең миңден ашуун эл топтолуп турат.

Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылына жакын жерде кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы жаңжал 7-майда, кечки жети жарымдар чамасында чыгып, эки тараптан тең эл топтоло баштаган. Чатакташуу жол маселесинен чыкканын "Азаттыкка" облустук милициядан билдиришти.

Бир аз мурдарак тажик жарандары Жака-Өрүк айылындагы бир соода күркөсү менен май ташуучу унаа өрттөп жиберишкен. Коңшу өлкөнүн Кожалы айылынын жашоочулары Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкуловду менен дагы бир кыргыз жаранын сабап коюшкан. Алар азыр Самаркандек аймактык ооруканасында жатат.

Жаңжал башталган учурда тажик тараптан автомат атылганын уккандар да бар.

Баткен шаарынын чыга беришине тосмо бекет коюлуп, жаңжал чыккан жакка эч ким өткөрүлбөй турат. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG