Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Саламатыкты сактоо министрлиги уулануудан этият болууга чакырат


Министрликтин кызматкерлери тамак-ашты пайдаланууда жарандардан жоопкерчиликтүү болууну суранат. Мекеменин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова күн жылыганына байланыштуу тамак-аштын сапатына көңүл буруу зарыл болуп турганын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы кафелердин биринде 1-2-май күндөрү шишкебектен 20 адам ууланып, ооруканага түшкөн.

Мыйзам боюнча саламаттыкты сактоо кызматкерлери коомдук жайлардагы абалды каалаган учурда барып текшерүүгө акысы жок болгондуктан бул маселеде жарандардын көмөгү зарыл. Кимдир бирөө санитардык абалы начар ашкана-кафелер жөнүндө министрликке маалымдаса, анын негизинде текшерүү жүргүзүүгө болот. (SE)

XS
SM
MD
LG