Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Жалал-Абадда шишкебектен уулангандардын абалы дурус


Шишкебектен ууланып, Ноокен райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшкөн 16 адамдын төртөө үйлөрүнө чыгарылды. Облустук саламаттыкты сактоо координатору Маматжан Мияновдун айтымында, ооруканада калган 12 адамдын жана Майлуу-Суу шаарында дарыланып жаткан 3 кишинин да абалы дурус.

Алар Масы айылындагы "Эркин ахун" кафесинде 1-2-май күндөрү тооктун этинен жасалган шишкебектен жегенден соң бейтапканага кайрылышкан.

Райондук санэпид көзөмөл башкармалыгынын чечими менен кафе убактылуу жабылган. (YA)

XS
SM
MD
LG