Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Ысык-Көлдө эл аралык марафон жарыштары өтүүдө


«Улуу Жибек Жолунда» аттуу Кыргызстандын эл аралык марафон жарыштары аталган аймакта быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп, ага 11 өлкөдөн миңге чукул жөө күлүк катышып жатат. Бул тууралуу марафондун уюштуруучусу, “Жапон-Кыргыз биримдиги” жаштар коомдук корунун жетекчиси Мелис Надыров “Азаттыкка” кабарлады.

Иш-чара Кыргызстан менен Жапония ортосундагы дипломатиялык мамиленин 23 жылдыгына арналып, Кыргызстанга туристтерди тартууну, калкты ден соолукка, сергек жашоого үндөө максатын көздөйт.

Жөө күлүктөр 5, 10, 22 жана 42 чакырым 195 метр аралыктарга жарышууда. 42,195 чакырым аралыкка жарышта эркектерден орусиялык Юрий Чечун марага биринчи келип, баш байгени утту. Кыз-келиндердин ушундай марафондук жарышында биринчи орунду өзбекстандык Марина Хмельская ээледи. (КМа)

XS
SM
MD
LG