Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Кыргыз кол өнөрчүлүгү кайрадан Лондондо


Гүлсара Акматова-Дейвис жана Фарзана Шаршенбиева, Лондон, Британия, 14.05.2013.
Гүлсара Акматова-Дейвис жана Фарзана Шаршенбиева, Лондон, Британия, 14.05.2013.
Кыргыз кол өнөрчүлөрү 13-14-майда Лондондо өтчү эл аралык жарманкеде дагы бир ирет чоң ийгилик жаратууну пландоодо. Британ калаасынын маданий календарындагы жыл сайын өтүүчү бул эң маанилүү иш-чара быйыл 55-ирет уюштурулууда. Мартабалуу Кенсиңтон таун-холлунда өтүүчү көргөзмө-жарманкеге жүздөн ашуун өлкөнүн уздары катышат.

Британиядагы кыргыз элчилигинин көмөгү менен CFAB (Children and Families Across Borders) уюму уюштурган The International Spring Fair and Food Festival жарманкесинде Кыргызстандан белгилүү зергер, бир нече сыйлыктардын ээси Гүлсара Акматова-Дейвис жана жибек устаты, атактуу уз жана ЮНЕСКОнун 10 сапат белгисинин ээси Фарзана Шаршенбиева катышат. Быйыл дагы британ падышалык үй-бүлөсү, жергиликтүү маданий ишмерлер жана дипломаттар катышуусу күтүлүүдө.

Быйыл Акматова-Дейвис өзүнүн аметист, бермет жана маржандан жасалган соңку коллекциясын тартуулайт. Шаршенбиева жибек жана жүндөн жасалган жоолуктарды жана жибекке түшүрүлгөн оймо-чиймелерди элдин назарына коёт.

Былтыр ушул эле жарманкеде кыргыз уздарынын эмгектерине кызыгуу арбын болуп, узун кезектер тизилген. Кыргыз кол өнөрчүлүгү европалыктар жана түштүк америкалыктар арасында өзгөчө кызыгуу жараткан. (BAz)

XS
SM
MD
LG