Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Искандаров: Жайлоолор тажиктерге ижарага берилиши мүмкүн


Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүндө тажик тарап Кыргызстандагы чек арага жакын жайлоолорду пайдаланып турууну сунуштады. Кыргыз өкмөтү жайлоону ижарага бере аларын, ал үчүн эки тараптуу макулдашуу иштеп чыгуу керектигин айтты.

Бул тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча уюштурулган маалымат жыйынында кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди.

- Биз тажик кесиптештерге маселени мыйзам жолу менен чечүүнү сунуштадык. Алар 1924-27-жылдардагы документтерге таянып айрым жерлер Тажикстанга таандык экенин айтып жатат. Биз 1957-58-жылдардагы документти негиз кылып карманып турабыз. 1992-жылы да маанилүү документ кабыл алынган. Анда Совет кулаган учурдан баштап ага чейин пайдаланылып жүргөн жерлер кайсы мамлекет колдонсо, ошолорго өткөн. Ал кездеги бийликтер буга кол койгон.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо жана жайлоолорду пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөр дагы уланат. Кийинки жолугушуу июнь айынын башында Бишкекте өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG