Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Азия оюндарын уткан спортчу миллионер болот


Кыргыз өкмөтү Азия оюндарынын жана өспүрүмдөр олимпиадасынын жеңүүчүлөрү үчүн бир жолу төлөнүүчү акчалай сыйлыктын көлөмүн аныктады. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаевдин айтымында, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койду.

Азия оюндарындагы алтын медал үчүн спортчу 1 миллион 250 миң сом сыйлык алат. Экинчи орун үчүн 750 миң сом, ал эми 3-орун үчүн 500 миң сом акчалай сыйлык белгиленди. Андан тышкары башкы жана жеке машыктыруучуларга спортчунун алган орунуна жараша сыйлыктын 25 пайызы берилет.

Быйыл Кыргызстан курамасынын алдындагы эң олуттуу мелдештин бири болуп 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүүчү 17-Азия оюндары болуп эсептелет. Андан тышкары быйыл август айында Кытайдын Нанкин шаарында өспүрүмдөр арасындагы экинчи олимпиада өтөт. Бүгүнкү күндө ага катышууга кыргызстандык тогуз жаш спортчу жолдомо алды. Ушул жаштар олимпиадасында биринчи орунду ээлеген спортчуга мамлекет 1 миллион сом, экинчи орун үчүн 500 миң сом жана үчүнчү орун үчүн 250 миң сом акчалай сыйлык белгиледи. Мында да машыктыруучуларга байгенин 25 пайызы сыйлык катары ыйгарылат.

2010-жылы Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн Данияр Көбөнов алтын байге утса, Сингапурда өткөн биринчи Өспүрүмдөр олимпиадасында Урматбек Аматов чемпион аталган. (КМа)

XS
SM
MD
LG