Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Таиланд армиясы өлкөдө аскерий абал жарыялады


Мындай чарага коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилиги өлкөдө бийликке каршы күчөп жаткан нааразылык акциялардан улам барганын маалымдашты. Алар “төңкөрүш аркылуу бийликти басып алуу болот” деген божомолдорду четке кагышты.

Ушул айдын башында Конституциялык сот премьер-министр Йинглак Чинаватты кызматтан алгандан кийин, өлкөнү убактылуу өкмөт башкарып келет.

Юстиция министрлиги билдиргендей, аскерий абал киргизилгенине карастан өкмөт өз ишин уланта берет.

Йинглак Чинават азыр өз өлкөсүнөн куугунтукталып, чет өлкөдө жүргөн мурдагы премьер-министр Таксин Чинаваттын карындашы. Азыр эл министрликтерде отургандардын көбү бир тууган Чинваттардын жактоочулары экенине нааразычылыгын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG