Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:14

Кармалган активисттерди сотко алып келишти


Бажы биримдигине каршы акция боюнча кармалган 6 активистти Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Аларга Административдик кодекстин "милиция кызматкерлерине жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөөчүлүк" беренеси боюнча айып тагылууда.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдынан "Кыргызстан - Бажы биримдигине каршы” уюмунун 5 мүчөсүн, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кеткен. Алар Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна каршы акция өткөргөнү жатышкан. Милиция активисттерди акция тууралуу тиешелүү органдарга кеч кабар берген деген кине коюуда. Активисттер болсо кармоолорду акцияны үзгүлтүккө учуратуу максатындагы өкмөттүн аракети катары баалашууда.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG