Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы жарык жетпеген Жаз-Кечүү айылынын тургундары жардам сурап, өзгөчө кырдаалдар министрине кайрылды.
Алар министр Кубатбек Бороновдон айылга электр зымдарын тартып берүүнү суранышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Жаз-Кечүүдө 140 кожолук жашайт, 800дөн ашуун тургун бар. Айыл эли Совет мезгиленен бери жарыксыз жашайт. Бир канча жолу бийликке кат жолдонгону менен натыйжа чыга элек.
Айыл район борборунан алыс жана жол начар болгондуктан, кышында башка айылдарга ат менен гана катташат. Андан сырткары, кыштакты аралап өткөн Тентек-Сай каналынан катуу жаан болгон кезде суу ташып, үйлөрдү каптоо коркунучу жаралат.
Ошондой эле айылдагы №46 Чыйбылов атындагы орто мектептин имараты да авариялык абалда турат.
Министр Боронов айыл тургундарынын талаптары боюнча жумушчу топ түзүп, абалды жеринен текшерүүнү тапшырды. (SE)