Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:12

Өзгөндө жол кырсыгынан 3 адам мерт кетти


Өзгөн районунун Бостон айылынын тушундагы Бишкек-Ош жолунда болгон кырсыктан үч адам мерт болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык таңга маал болгон. Анда “Хундай” үлгүсүндөгү автоунаа “Форд-Транзит” кичи автобусу менен кагышкан. Кырсыктан 8 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды.(BkA)

XS
SM
MD
LG