Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Жунушбаев менен Курманов боюнча сот чечими күчүндө калды


Бишкек шаардык соту Кумтөрдүн жетекчилеринен акча талап кылды деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курмановдун жаза мөөнөтүн күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жунушбаев менен Курмановду 7 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучулардын адвокаты мындай чечимге макул болбой, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот ишти кечээ карап, айыпталуучулардын жаза мөөнөтүн күчүндө калтырды.

Өткөн жылдын 28-августунда айрым телеканалдар Кумтөр ишканасынын жетекчилигинен акча талап кылып жаткан кадрлар камтылган репортаж көрсөткөн. Анда Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курманов Кумтөр ишканасынын чет элдик өкүлү Дуглас Гриерге 3 млн. доллар бербесең, күзүндө кайра элди алып чыгабыз деп айтып жатканы жашыруун тартылып алынганы айтылган. Бирок айыпталуучулар өздөрүнө тагылган айыпты моюнуна албай келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG