Президент Владимир Путин Европанын ири энергетикалык компанияларынын өкүлдөрүнө орусиялыктар “украин радикалдары” Европаны газ менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп кооптонушканын айтты.
Орусия президенти 24-майда Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумда сүйлөп: "Мен жашырбайм: украиналык радикалдардын билдирүүлөрү жана Европага газды жөнөтүүбүзгө тоскоолдук кылабыз деген түздөн-түз коркутуулары бизди тынчсыздандырат. Жоопкерчиликти түшүнүшөт жана мындай нерсе болбойт деп үмүт кылабыз”, - деди Путин.
Ал өз сөзүндө европалыктардын АКШдан газ импорттоо планына токтолуп, бул Орусиядан газ ташыганга караганда алда канча кымбат болот деген оюн айтты.