Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Иранда МERS вирусунан биринчи адам каза тапты


Иранда MERS вирусунан биринчи жаран өлдү. Өкмөттүк ИРНА жаңылыктар агенттигинин өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеп кабарлашынча, түштүктөгү Керман шаарында 53 жаштагы Мухаммад Мехди Гуйя вирустан жан берген.

28-майда “Хамшари” гезити Гуйяга таянып Кермандагы эки сиңдиси коркунучтуу вирус жуктуруп алышканын жазган болчу. Дем алуу органдарын катуу дартка чалдыктырчу MERS вирусу эки жыл мурда оболу Сауд Арабияда катталган.

28-майда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдашынча, дүйнө өлкөлөрүндө бул вирус 636 адамга жуккан, алардын 193үн сактап калуу мүмкүн болбогонун лабораториялык изилдөөлөр тастыктаган.

XS
SM
MD
LG