Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

“Манастагы” транзиттик борбор бүгүн жабылат


“Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуу борбору 3-июндан тарта расмий жабыларын анын командачысы Жон Миллард кечээ журналисттерге билдирген.

Борбордун ачкычы символикалык түрдө кыргыз өкмөтүнө тапшырылат. Борбордогу 30 миллион долларлык техника кыргыз тарапка берилет. Учурда ал жерде 400гө жакын америкалык аскер бар. Алардын баары бир ай ичинде чыгып кетишет.

Борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлдү. Калганы Кошмо Штаттарга ташылып кетмекчи.

“Манас” Транзиттик борбору жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Анда ижара мөөнөтү 2014-жылдын соңунда аяктаары жазылган. Былтыр 26-июнда Кыргызстан ал документти бир тараптуу денонсациялаган.

XS
SM
MD
LG