Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Карачи аэропортуна кол салган согушкерлер жок кылынды


Карачи аэропортундагы түтүн, 9-июнь, 2014
Карачи аэропортундагы түтүн, 9-июнь, 2014
Пакистан армиясы Карачи аэропортуна чабуул койгон согушкерлерге каршы операцияны аяктады. Аткылашууда бери дегенде 26 киши набыт кетти. Куралдуу күчтөрдүн маалымат катчысы генерал-майор Асим Бажванын айтымында, 8-июнда аэропортко кол салган 10 согушкердин бардыгы жок кылынды. Коопсуздук офицерлеринин униформасын кийип жүргөн жан кечтилер белдерине жардыргыч заттарды байлап алышкан. Маалыматтарга караганда, алардын бардыгы этникалык өзбектер болчу.

Пакистандагы талиптердин өкүлү "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен телефондон байланышып, кол салууну алардын кыймылы уюштурганын ырастады. Жана бул теракт менен Талибандын жетекчилеринин бири Хакимулла Масуддун өлүмү үчүн өч алышканын айтты. Ал былтыр күзүндө америкалык пилотсуз учактын соккусунан мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG