Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Парламент акыйкатчынын баяндамасын жактырган жок


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте, 3-октябрь, 2013
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте, 3-октябрь, 2013
Жогорку Кеңеш акыйкатчынын 2013-жылы жасаган иштерин карап чыгып, канааттандырарлык эмес деп тапты. Мындай чечим бүгүн парламент жыйынында кабыл алынды.

ЖКнын адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов акыйкатчынын баяндамасы боюнча атайын депутаттык комиссия иштээрин айтты. Анын айтымында, депутаттар акыйкатчы Бакыт Аманбюаев 2013-жылы болгону 3 ай иштегенин эске алат.

Бакыт Аманбаев акыйкатчы кызматына былтыр 3-октябрда шайланган. Ага чейин бул кызматты Турсунбек Акун аркалап келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG