Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен бала изделүүдө


Бүгүн Бишкектеги Алматы көчөсүндөгү көпүрөгө жакын жерден Чоң Чүй каналына 12, 14 жаштар чамасындагы эки бала түшүп кеткен. Алардын бирөөсүн көп өтпөй ошол жерде бараткан бир киши куткарып калган. Ал эсине келгенден кийин жанында дагы бир бала болгонун айткан. Ушундан соң гана сууга түшүп кеткен экинчи баланы издөө иштери башталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жүргүзүп жаткан издөө иштеринен азырынча майнап чыга элек.

Балдар кандай жагдайда сууга түшүп кеткени азырынча белгисиз. (JJo/SM)

XS
SM
MD
LG