Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Лавров Лукашенко менен сүйлөштү


Сергей Лавров Беларустун тышкы иштер министри Уладзимер Макей менен. Минск, 16-июнь, 2014.
Сергей Лавров Беларустун тышкы иштер министри Уладзимер Макей менен. Минск, 16-июнь, 2014.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Минскиде Беларус президенти Александр Лукашенко менен эки тараптуу алакаларды сөз кылды. Лукашенко Орусия менен бардык зарыл чечимдерге даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Орусия менен Беларус союзунун министрлер кеңешинин жыйынын өткөрүүнү колдоп сүйлөдү. Лавров Лукашенконун мындай жыйынды быйыл күздө өткөрүү сунушун өткөрүүгө макул экендигин бышыктады.

Бул биримдик 1996-жылы түзүлүп, бирок ошондон бери арабөк калып келген. Лавров Минскиде Беларустун тышкы иштер министи Уладзимер Макей менен «бир тараптуу санкцияларга каршы турууну» сөз кылды. Батыш өлкөлөрү Крымдын аннексиясына байланыштуу Орусияга каршы бир катар санцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG