Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Украина чыгышта аскерий операцияларды токтотот


Президент Петро Порошенко Иван Черняховский атындагы Украинанын Улуттук коргоо университетинде сүйлөгөндө украин өкмөтү өлкөнүн чыгышында аскерий операцияларды токтотууга ниеттенип турганын айтты.

Порошенко ок атууну токтотуу боюнча анын буйругу кырдаалды жөндөө планынын биринчи этабы экенин белгиледи. Эгер элдик кошуундар чукул арада курал-жарагын таштаса, аларга мунапыс берилерин, ал эми жалданып келгендерге Украинадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк ачыларын кошумчалады.

Президенттин айтканына караганда, тынчтык планынын негизги өзөгүн Украинанын Конституциясын өзгөртүп, бийликти децентрализациялоо түзөт.

Ал ортодо өзүн Донецктин “элдик губернатору” атап алган Павел Губарев Фейсбуктагы баракчасында элдик кошуундардын колунда бир нече танк жана “Град” үлгүсүндөгү эки ракета бардыгын жазды.

Ага чейин Орусиянын Тергөө комитети Днепропетровск облусунун губернатору Игорь Коломойский менен Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковго каршы аскерий операциялар маалында тыюу салынган каражаттар менен ыкмаларды колдонгон, журналисттердин ишине тоскоолдук кылган деген негизде кылмыш иштерин ачкан.

XS
SM
MD
LG