Канаданын премьер-министри Стивен Харпер өзүнүн билдирүүсүндө украин президенти Петр Порошенконун тынчтык планын колдорун айтып, эл аралык коомчулукту Крым жарым аралынын Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланышы тынчсыздандырарын белгилеген.
Мындан тышкары Стивен Харпер Орусия менен Украинанын 11 жараны үчүн кошумча экономикалык санкцияларды киргизип, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынгандыгын айтты. Билдирүүдө санкциялык тизмеге кирген жарандардын аракеттери Украинанын аймактык бүтүндүгүнүн, суверендүүлүгүнүн бузулушуна таасир эткен деп айтылат.
Украинадагы окуялардын жүрүшүндө АКШ, Евробиримдик жана Австралия бир катар орус жана украин расмий өкүлдөрүнө каршы санкциялардын киргизген болчу. (AzK)