Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Кыргызстан ПАСЕге өнөктөш сертификатын алды


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Кол коюу аземи 20-июнда Франциянын Страсбург шаарында өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегация катышты.

Кыргызстан Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясына (ПАСЕ) өнөктөш макамын быйыл жазында алган. Буга чейин мындай макамга Борбор Азиядан эч бир өлкө ээ боло элек болчу. 2011-жылдын 27-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясына расмий арыз менен кайрылган.

Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясы (Parliamentary Assembly of the Council of Europe - PACE) Европа Кеңешине кирген 18 өлкөнүн парламент аралык кеңешме органы. 1949-жылдын 5-майында түзүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG