Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Беш айда жергиликтүү бюджеттерге 659 млн. сом бөлүндү


Быйылкы жылдын беш айында жергиликтүү бюджеттерге республикадан 659 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жергиликтүү бюджеттерге жыл соңуна чейин бериле турган каражат 15 миллиард сомдон ашат. Эки миллиарды республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Каражаттын 11 миллард сомдон ашуунун салыктык кирешелер, 2 миллиардга жакынын салыктык эмес булактар, 102 миллионун активдер түзөт.

Ал эми январь-май айларына карата жергиликтүү бюджеттердин өздүк кирешелери 6 миллиард сомду түздү. (SE)

XS
SM
MD
LG