Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Мэрия Бишкекте насвайга тыюу салууну сунуштоодо


Насвайды өндүрүүгө жана аны сатууга тыюу салыш керек. Мындай пикирин бүгүн баш калаанын вице-мэр Айгүл Рыскулова тегерек үстөл талкууда айтты.

Анын айтымында бүгүнкү күндө насвай өндүрүү жана аны сатуу эч бир мыйзамда каралган эмес, ошондуктан ага тыюу салуу кыйынга турат:

- Насвайды кимдер өндүрөрү, эмнеден жасалары такыр белгисиз. Эгер биз дароо эле тыюу салсак маңзаттай болуп ага талап өсүп кетет. Андыктан аны чылымдын бир түрү катары таанып андан кийин гана чектөө коюш керек.

Ошондой эле тегерек үстөл талкууда 18 жашка чейинкилерге энергетикалык жана алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу сунушу айтылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, кыргызстандыктардын 10 пайызга жакыны насвай чегет, алардын 70 пайызы элет жашоочулары. (UEz)

XS
SM
MD
LG