Жайкы өргүүгө тарар алдында депутаттар “Биометрикалык каттоо” жөнүндөгү мыйзамга, судьяларды тандоого жана электр энергиясына тарифтерди өзгөртүүгө байланыштуу маселелерди карайт.
Электр энергиясына жаңы тариф саясаты жөнүндө өкмөттүн сунушу кабыл алынса, 1-июлдан тарта үч фаза колдонгон керектөөчүлөр үчүн тариф көтөрүлөт. Алар үчүн бир киловатт электр энергиясы 1 сом 20 тыйындан болуп калмакчы. Калган керектөөчүлөргө баа мурунку бойдон калат. Жогорку Кеңештин жайкы сессиясы июнь айынын аягында жабылат.