Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Сицилиянын жарында кайыктан 30 мигранттын өлүгү чыкты


Сицилия менен Түндүк Африканын ортосунда кечээ токтотулган кайыктан 30 чакты мигранттын cөөгү табылды. Алар сууга чөккөн же муунуп өлгөн деп болжолдонууда. Мигранттар жык-жыйма толуп алган кайыктан 600гө чукул киши куткарылды. Кайыкты Италиянын деңиз күчтөрү Сицилиянын жээгиндеги Поззало портуна бүгүн кечинде жеткирет деп кабарланды. Быйыл өз мекениндеги согуштардан жана аскерге күчтөп алуудан качкан 50 миңдей түндүк африкалык Италияга башпаанек издеп келди.

XS
SM
MD
LG