Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Түркияда кыргызстандык теннисчи чейрек финалга чыкты


Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан теннис боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык Ксения Палкина чейрек финалга чыкты. Ал 1-июль күнү жеке таймашта түркиялык Гүлбен Гүлдасты утуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.

Ксения Палкина жуп болуп ойноодо өнөгү түркиялык Муге Төпсел менен жарым финалга чыгуу үчүн атаандаштары түркиялык Семре Анил жана орусиялык Анастасия Буханко менен беттешет.

30-июнда башталган мелдеш 5-июлга чейин уланат. (КМа)

XS
SM
MD
LG