Украинада өкмөттүк аскерлер өлкө чыгышында орусиячыл сепаратисттерге каршы чабуулдарын улантып жаткан чакта президент Петро Порошенко армиядагы жетекчиликти алмаштырды. Бүгүн орус-украин чек арасында атышуу болуп, Орусиянын өткөрүү пункту аткыланды. Элдешүү келишими 30-июнда аяктаган. Жаңы келишим керектигин Украина, Орусия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери шаршембиде Берлинде өткөн жыйында белгилеп, талкууну 5-июлга калбай баштоо керек дешти.
Ал арада президент Петро Порошенко генерал-полковник Валерий Гелетей жаңы коргоо министри болуп дайындалганын жарыялады. Ал эми генерал-лейтенант Виктор Муженкону Генштабдын башчылыгына дайындады. Президенттин дайындоолор боюнча сунушун парламент колдоду.