Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

АКШ Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жардамдашат


АКШ өкмөтү Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жана мамлекеттин уурдалган байлыгын кайтарып берүүгө жардамдашат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Баш прокурорунун орун басары Жеймс Коул Вашингтондо Кыргызстандын Баш прокурору Аида Салянова менен жолугушууда билдирди. Ал негизги басым уурдалган мамлекеттик активдерди кайтаруу жагына жасаларын кошумчалады.

Аида Салянова баш болгон кыргызстандык делегация бул күндөрү иш сапар менен АКШда жүрөт. Андан кийин Канадага барарын бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев каржылык кылмыштарга шектелип кыргыз жана америкалык тараптын талабы менен Англияда 2012-жылы кармалып, күрөөгө кое берилген. Бирок кийин АКШ козголгон кылмыш иш жабылганын кабарлап, себебин түшүндүргөн эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG