Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзе дүйнөдөн кайтты


Э.Шеварднадзе, Тбилиси, 10-февраль, 1998.
Э.Шеварднадзе, Тбилиси, 10-февраль, 1998.

Узакка созулган оорудан кийин 86 жашында СССРдин мурдагы тышкы иштер министри, Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзе Тбилисиде көз жумду.

Ал Михаил Горбачевдун кайра куруу жана эл аралык чыңалууну жөндөө саясатындагы башкы санаалаштарынын бири болгон. Грузиянын президенти катары Шеварднадзе эки ирет – 1995-жылдын ноябрында жана 2000-жылдын апрелинде шайланган.

Мамлекет башчы болуп турганда Эдуард Шеварднадзенин өмүрүнө эки ирет кол салуу болгон. 2003-жылкы парламенттик шайлоодон кийин “Роза ыңкылабынын” жыйынтыгында, ал президенттик кызматтан кеткенге мажбур болгон эле.

XS
SM
MD
LG