Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Обама оогандарды сабырдуулукка чакырды


АКШнын президенти Барак Обама Ооганстандагы президенттик шайлоодо алдыга озуп чыкканын жарыялаган Ашраф Ганиге шайлоодогу эреже бузуулар тыкыр иликтенет деген үмүтүн билдирди. Ак үйдүн билдиришинче, Обама Ганиге 8-июлда телефон чалды. Анын алдыңкы күнү Ганинин атаандашы Абдулла Абдулланы шайлоонун жыйынтыгы такталып жатканда өз жеңишин жарыялабоого чакырган эле. Алдын ала эсептөө Гани бир миллион добуш менен алдыга чыккандыгын көрсөткөн. Бирок Абдулла добуш саноодо ири көз боемочулук болгондугун айтууда. Обама эгер эки талапкер улуттук биримдикке шек келтирип, зомбулукка же мыйзамсыз аракеттерге барса, АКШ Ооганстанга жардамын токтотоорун эскертти.

XS
SM
MD
LG