Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Бүгүн Юрмалада “Жаңы толкун” ыр сынагы башталат


Латвиянын Юрмала шаарында жаш ырчылардын эл аралык өнөр таймашы 22-27-июль күндөрү өтөт. Анда 13 мамлекеттин ырчылары күч сынашат. Кыргызстандан Style mix тобу катышууда. Эки жигит жана бир кыздан куралган топ он күн мурда жөнөп кеткен.

Ал арада сынактын айланасында быйыл бир топ талаш жагдайлар болушу байкалып калды. Латвия өкмөтү ыр майрамга байкоочу катары бараткан орусиялык ырчылар Валерия, Иосиф Кобзон жана Олег Газмановду “кара тизмеде” экенин айтып, өлкөгө киргизген жок.

Кыргыз ырчылары бул популярдуу ыр таймашка 2008-жылдан бери катышат. Алгач ырчы Омар барып, Алла Пугачеванын атайын сыйлыгына татыктуу болгон. Андан бери “Жаңы толкунга” Айбек Замирбеков, Арсен, Бек Исраилов жана Айбек Бакытбеков катышты. (SE)

XS
SM
MD
LG