Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

"Градиент" компаниясы ишин токтотту


Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык деген “Градиент” компаниясы өз ишин токтотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фирманын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министрдин агасы Эмир Сарпашев билдирди. Анын айтымында, май айынан тарта фирма ишин толук токтотту жана анын ордуна башка ишкана да түзүлгөн жок.

Буга чейин «Градиенттин» айланасында чуу чыгып, Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия да түзүлгөн. Анын материалдарына ылайык, “Градиент” соңку үч жылда 20га жакын мамлекеттик тендерди утуп алган. Муну бир катар депутаттар биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин кийлигишүүсү менен байланыштырган. Быйыл апрелде парламент саясий кызматтагы адамдардын тиешеси бар компаниялар мамлекеттик тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алган. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG