Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Өкмөт кыштан чыгуу боюнча программа иштеп чыгат


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, жылуулук үчүн көмүргө өтүүнүн жол-жобосу камтылмакчы. Өкмөт ушул апта соңунда бул боюнча жыйын курат. Анда программа кеңири талкууланат.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, жергиликтүү бийликтерге көмүрдү жетиштүү камдоо боюнча тапшырма берилди. Анын баасын өкмөт көзөмөлдөп турмакчы.

Буга чейин Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгы жана жыл кургакчыл болгонунан улам быйыл кыш кыйын болоорун эскерткен.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG