Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Айдоочулардын иш таштоосун уюштургандарга эскертүү берилди


Бишкекте кичи автобус айдоочуларынын 27-28-июлдагы иш таштоосунун башында тургандарга шаардык милиция эскертүү берди. Бул тууралуу ШИИБинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, иш таштоонуну 3-4 адам уюштурган жана аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

- Биз алар менен жөн гана сүйлөштүк, кармалды деген маалымат туура эмес. Эгер дагы бир жолу ушундай кадамга барышса мыйзам чегинде жоопко тартылышат. Анткени алар коюп жаткан талаптар иш таштоо менен эмес, мыйзам чегинде чечилиши керек, - деди Сейитов.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары акциянын уюштуруучулары кармалганын жазып чыккан.

Маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15-20 сомго көтөрүү талабы менен 27-28-июлда жапырт иш ташташкан. Жол кире акысы акыркы жоллу 2012-жылдын 1-майынан тарта 8 сомдон 10 сомго жогорулатылган. (UEz)

XS
SM
MD
LG