Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Батыш Африкада эбола вирусу жайылууда


Февралдан бери Батыш Африканын төрт өлкөсүндө эбола вирусунан 729 адам көз жумду.
Февралдан бери Батыш Африканын төрт өлкөсүндө эбола вирусунан 729 адам көз жумду.

Вирусологдордун айтымында, эбола Батыш Африканын айрым өлкөлөрүндө тездик менен тарап баратканына карабастан, глобалдык эпидемияга айлануу коркунучу жок. Коркунучтуу вирусту жуктуруп алгандардын токсон пайызы жарыкчылык менен кош айтат.

Февралдан бери Батыш Африканын төрт өлкөсүндө эбола вирусунан 729 адам көз жумду. Ошол эле маалда эпидемиологдор бул вирус 2009-жылдагы чочко тумоосундай кеңири жайылып кетпейт деп айтышууда.

Коркунучтуу вирус башка континентке дагы өтүп кетеби деген кооптонуу бир адамдын өлүмүнөн кийин жаралды. Ажал тапкан авиажүргүнчү 25-июлда Либериядан Нигерияга Того аркылуу учуп келген. Бул окуядан кийин вирус каптаган аймактарда кылдат медициналык текшерүү жүргүзүлбөй жаткандыгы анык болду. Анткени 2009-жылы дагы чочко тумоосу авиажүргүнчүлөр аркылуу Азиядан башка континенттерге тараган.

Адистер болсо эбола чочко тумоосунан айырмаланып, башка жолдор менен тарарын айтып, андыктан жайылып кетет деп кооптонбой эле койсо болорун эскертишүүдө.“Эбола сыяктуу инфекциялар адамдын организминдеги суюктук аркылуу жукса, чочко тумоосу жана башка өпкө оорулары аба аркылуу жайылат,” - деп түшүндүрөт Англиядагы Ливерпул университетинин улук окутуучусу, инфекциялык оорулар боюнча эксперт Ник Бичинг.

Эбола ВИЧ/СПИД вирусу сыяктуу адамдын денесиндеги суюктук аркылуу жугат. Ошол эле маалда анын эпидемияга айланып кетишин чектеген бир топ факторлор бар.

"ВИЧтен учурда дүйнө боюнча миңдеген адамдар жабыркаган. Эбола пайда болгондон бери, анын соңку тутанышын эске алганда дагы тарыхта беш миңдей эле адам ооруган. Эбола өлүмгө жеткирген илдет болгону менен анын жайылышы чектелүү. Вирус эч качан Африка өлкөлөрүнөн сыртка чыккан эмес", - дейт Англиядагы Ридинг университетинин вирусологу Бен Ньюман.

Ооруган адам тез эле өлүмгө дуушар болот дагы, вирустун жайылуу коркунучу азаят. Орто эсеп менен ооругандардын 60 пайызы жарыкчылык менен кош айтышууда. Оорунун инкубациялык мөөнөтү эки күндөн жыйырма бир күнгө чейин созулат. "Эболаны жуктурган адам аны жеңет же ага багынып берет ",- деген Ньюман вирус оңой-олтоң эле жукпагандыктан, тарап кетүү коркунучу төмөн деп түшүндүрөт.

Эпидемиологдор эбола вирусу экваториалдык Африканын тропикалык токойлорундагы жаныбарларда пайда болгонyн айтышат. Тагыраак айтканда аны менен мөмө-жемиш менен азыктанган жарганаттар оорушкан. Вирус адамдарга жаныбарлардан же алардын этин жегенде жукканы аныкталган.

Биринчи жолу вирус 1976-жылы Заирде же азыркы Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола дарыясында табылган. Жугуштуу инфекция адатта санитардык абалы начар, медициналык тейлөө жетпеген алыскы айыл-кыштактарда козголот .Бул илдетти жуктургандар Конго, Уганда, Түштүк Судан аймактарында катталган. Батыш Африкада болсо быйыл биринчи жолу катталды. Адистердин айтымында, быйылкы вирустун мурдагыга караганда тез жайылышынын себеби анын очогу ар кайсы айылдарда бир маалда тутанганында. Медициналык катуу көзөмөл жана бейтапты башкалардан обочо кармоо вирустун жайылышына бөгөт коет.

Эксперт Ник Бичингдин айтымында Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоне сыяктуу өлкөлөрдө медициналык тейлөөнүн деңгээли начар. Жергиликтүү калк дагы карантинге оңой менен макул болушпайт жана медицина кызматкерлерине ишенбейт. Билимдин жетишсиздигинен айрым айылдар дарыгерлерди «вирус ташыгычтар» деп киргизбей коюшкан.

30-июлда Сьерра-Леонеде өзгөчө чаралар көрүлүп, өлкөнүн чыгышында оорунун очокторуна карантин жарыяланды. Карантинди көзөмөлдөө үчүн өлкөнүн атайын кызматтары тартылды. Эболаны жок кыла турган же аны дарылай турган вакцина азыр дүйнөдө жок. Вирус жукканда адамдын эти ысып, тамагы ооруп, башы айланат. Андан кийин жүрөгү айланып кусуп, боору иштебей, ичтен кан кете баштайт. Адамдын денесиндеги суу азайып отуруп, кургаган организм өлүмгө дуушар болот.

XS
SM
MD
LG