Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Чочко тумоосу: коркунуч короодон кете элек


Кыргызстанда чочко тумоосуна чалдыккандардын саны 78ге жетти. Алардын отузга жакыны өлкөгө сырттан келгендер.

Чочко тумоосун көзөмөлдөө максатында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын штаб түзүлгөн. Мына ушул штабда ооруну алдын алуу, дарылоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкадыр Жороевдин айтымында, ушул тапта өлкөдө абал турукташты.

- Бүгүнкү күндө дарылоо мекемелеринде абал жакшы. Дары-дармектер жетиштүү. Оор абалда эч ким жок. 14 кишиден сырткары катталгандардын бардыгы дарыланып чыгып кетишти.

"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат"

Адистердин айтымында, чочко тумоосуна чалдыккан кишинин денесинин табы 38-39 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Чыйрыгып, жөтөлүп, булчуңдар менен сөөк, муундар ооруйт. Мындай учурда суюктуктан көбүрөөк ичип, вирустарга каршы дары-дармектерди колдонуу зарыл.
Чочко тумоосу иммундук системасы начар адамдар үчүн өтө коркунучтуу болгондуктан, организмди күчтөндүрүү зарыл.


Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулиев, эгерде иммундук система жакшы болсо, анда жогорудагы эрежелерди сактап, үй-шартында эле айыгып кетсе боло турганын эскертип келет. Анын айтымында, чочко тумоосунун күчөгөн маалы январь-февраль айлары деп болжолдонууда жана бир ооруган адамда бул илдет кыска мөөнөттүн ичинде кайталанбайт.

- Оорулуулар арасында бир-эки кишинин абалы оорураак болду. Бирок айыгып чыгышты. Бул кайрадан кайталанбайт. Кайталанса да 3-6 жылда болуп, анда жеңил өтөт. Анткени азыркыдан иммунитет калат.

Витамин+Таза аба=Чын ден соолук

Адистер аталган илдет кан-тамыр, өпкөнүн өнөкөт оорулары, кант диабети өңдүү илдеттер менен ооруган, иммундук системасы начар адамдар үчүн өтө коркунучтуу болгондуктан, организмди күчтөндүрүү зарылдыгын белгилеп келишет. Ал үчүн витаминдүү тамактанып, көбүрөөк таза абада болуу керек. Өлкөдөгү эпидемиология департаментинин башкы адиси Динагүл Оторбаеванын айтымында, чочко тумоосун алдын алууда деле кадимки сасык тумоону алдын алган ыкмаларды колдонуу зарыл.

- Эгер ооруп жаткан адамды байкасаңар аны менен бир метр аралыкта туруп сүйлөшүү керек. Үй шартында ооруп калса, ооруканага жаткысы келбесе тегерегиндегилерге да жугузуп албаш үчүн бет кап тагынып жүрүш керек. Алар үйдө дарыланбай, жумуш менен алектенип жүрө берсе, оору күчөп кетиши мүмкүн. Оору үч-беш күндө айыкпай күчөй берсе, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чочко тумоосуна каршы 500 миң дозадан ашуун вакцина сурап кайрылган. Абдыкадыр Жороевдин айтымында, эмдөө каржаттары декабрдын ортосунда келери күтүлүүдө.
Тумоонун күчөгөн маалы январь-февраль айлары деп болжолдонууда жана бир ооруган адамда бул илдет кыска мөөнөттүн ичинде кайталанбайт.


- Чочко тумоосуна каршы вакциналарды кандай пайдалануу механизмдерди иштеп чыгып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна жөнөткөнбүз. Азыркы тапта элдин тынчсыздануусуна негиз жок.

Кыргызстанда A/H1N1 вирусу алгачкы жолу ушул жылдын август айында катталган. Андан бери ооругандардын саны өсүп, ушул тапта жетимиш сегизге жетти. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан сураган вакцина Кыргызстанга алынып келингенде эмдөө тууралуу коомчулукка кошумча маалымат бериле турганын билдирип жатат.

Тасмада: Чочко тумоосунан чочуган калк

Мурдакы Советтер Союзунун аймагынан тартып Балкан өлкөлөрүнө чейинки мейкиндикти каптаган чочко тумоосу кыргызстандыктарды да бушайман кылды. SA.

Чочко тумоосунан чочуган калк
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00
XS
SM
MD
LG