Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Чочко тумоосу дүйнөнү каптап барат


Чочко тумоосу каптаган өлкөлөр картада кызылга боелгон. 9-ноябрга карай.
Чочко тумоосу каптаган өлкөлөр картада кызылга боелгон. 9-ноябрга карай.

Чочко тумоосу мурдакы Советтер Союзунун аймагынан тартып Балкан өлкөлөрүнө чейинки мейкиндикти каптап барат.

Украинада жугуштуу илдеттен жана кадимки тумоодон 155 киши көз жумду. Коңшулаш Беларуста чочко тумоосу жуккан 128 кесел катталды. Ага карабай, президент Лукашенка 5-ноябрда Киевде болгон кезде дары жасачу компанияларды чочко тумоосун айтып, элди дүрбөтүүдө деп күнөөлөдү:

-Билесиздерби, мен дары-дармектерди өндүрчү жана сатуучу супер-коррупцияланган жана талоончул чөйрөдө эмне болуп жатканын аябай жакшы билем.

Александр Лукашенка ылаңга каршы дары саткан компанияларды учурдан пайдаланып, кирешени көбөйтүү үчүн “бүгүн чочкочо куркулдаса, эртең мышыкча мыелойт же уйча мөөрөйт” деп жемеледи.

Белорустун көчөлөрүндө даки беткапчан жүргөндөрдүн саны көбөйүүдө.

Коңшулаш Украинада сасык тумоо жуккан 32, 5 миң адам катталды, өпкөсүнө суук тийип, ошондой эле чочко тумоосу жугуп, 155 киши көз жумду. Премьер-министр Юлия Тимошенконун сөзүнчө, жугуштуу дарт жуккан кеселдердин саны кескин азайып, абал бир нукка түшүп калды. Деген менен континенталдык Европада H1N1 вирусу Украинада эң көп катталды.

Украина. Киевдин метросунда.

Харьков зоопаркында маймылдар сактык үчүн сейилге келген адамдардан алыстатылып бөлүндү жана денесин чыңдоо үчүн атайын витамин, малинанын суусундугу, чайга кошо лимон, балык майы жана мөмө жемиштеринин кагы берилүүдө. Зоопарк мүдүрү Алексей Григорьев бардык маймылдардын дени соо экенин, бирок тумоолосо, кадим адамдай ооруй турганын айтат:

-Куду адамдар сыяктуу эле маймылдардын көзүнөн жашы агып, муундары сыздап ооруганын алардын жүрүм-турумунан көрөсүз. Маймылдардын денеси ысып, оозу кургап чаңкап, кыйналып дем алып калышат. Бул симптомдорду маймылдан температурсын ченебей эле байкай аласыз.

Молдовада чочко тумоосу 269 адамга жукканы, алардын төрттө каза тапканы маалымдалды жана 9-ноябрдан тарта мектептер менен

университеттер жабылды. Буга байланыштуу окуудан бош студенттер батышчыл талапкер Мариан Лупунун президент шайланбай калганына каршы демонстрацияга чыгат экен деген күбүр-шыбыр жүрүп кетти. Бирок Молдованын саламаттык сактоо министри Владимир Хотиниану азыркы жагдайда элди чочутуп, үшүн албоо маанилүү дейт:

-Кээ бир пас саясатчылар чочко тумоосун саясатка айланытып жибериши мүмкүн. Бирок биз Молдовада социалдык жагдайдын көзөмөлдөн чыгуусуна жол бербейбиз. Биз элди дүрбөтүүнү каалабайбыз. Бул өтө маанилүү.

Азербайжандын байтакты Бакыда.

Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Хабаровск регионунда чочко тумоосунан сактануу үчүн жалпы эл даки беткап режимине өттү. Транспорт, тамак аш дүкөнү жана ресторандарда иштегендер жумуш убактысында даки беткапчан жүрүүгө милдеттүү. Бул тартип сакталбаса, ишкана 640 доллар, жетекчиси-130, кызматкер 17 доллар айып төлөйт.

Кыргызстанда чочко тумоосу жуккан адамдардын саны 27ге жетти. Алардын дээрлик баары Россиядан келген эмгек мигранттары.

Азербайжанда чочко тумоосунун вирусу Украинадан келген жарандан табылды. Бирок даки беткап демейдегиден үч-беш эсеге кымбат сатылууда. Менчик клиникаларда чочко тумоосуна каршы вакцина 30 доллардан сунуш кылынууда. Дүйнөлүк банк 2006-жылы Азербайжанга чочко тумоосуна каршы күрөшүүгө 5,1 млн. доллар берген. Бүгүн ал акчанын 3,6 миллиону Саламаттыкты сактоо жана Айыл чарба министрлигине берилип, калган 1,5 миллиону изсиз жоголгону айкын болду.

XS
SM
MD
LG