Ирактын премьер-министринин милдетин аткаруучу Нури ал-Малики Федералдык соттун өкүмү чыкмайынча, кызматтан кетпесин билдирди. Ал 13-августта улуттук телеканалдан сүйлөп:
- Мен азыркы өкмөт иштеп жатканын тастыктайм. Федералдык сот өз чечимин чыгармайынча, өкмөт ишин токтотпостон уланта берет. Ар бир адам мыйзамга жана конституциялык процедураларга баш ийет,-деп айтты.
Ирак президенти Фуад Масум 11-августта жаңы өкмөттү түзүүнү мартабалуу шиит саясатчысы Хайдар ал-Абадиге тапшырган эле.
Малики өз сөзүндө Ал-Абадинин премьерликке көрсөтүлүшүн конституцияны бузуу деп атады. Малики өкмөттү 2006-жылдан бери жетектейт жана апрелдеги парламенттик шайлоодон бери премьердин милдетин убактылуу аткарууда. Аны суннилер, күрттөр жана шиит саясатчылары өлкөдө жаатчылыкты курчутуп жиберди деп күнөөлөп, өкмөттөн кетүүгө чакырган.