Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Орус абагындагы журтташтар муңу


Москванын райондорунун бириндеги убактылуу кармоочу жайдагы мигранттар. 2013-жыл.
Москванын райондорунун бириндеги убактылуу кармоочу жайдагы мигранттар. 2013-жыл.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында беш айга чукул камакта отурган кыргызстандык Кубанычбек Тешебаевди экстрадициялоо маселеси чечилбей жатат.

Орусиянын атайын кызматтары Кубанычбек Тешебаевди Кыргызстанда издөөдө жүргөн, шектүү адам катары кармашкан. Тешебаевдин туугандары анын саламаттыгы начарлап баратканын "Азаттыкка" билдиришти. Элчилик соттолгон же айыпталып кармалган адамды экстрадициялоо маселесин чечүү узак жараян экенин айтууда. Учурда Орусиянын абактарында 2,5 миңден ашуун кыргызстандык отургандыгы кабарланып келет.

"Ал мугалим болчу..."

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Кубанычбек Тешебаев көп кыргыздын бири сыяктуу эле мындан эки жыл мурда Орусияга иштегени барган. Ага чейин аталган райондо мугалим, мектеп директору болуп эмгектенген. Өзүн Тешебаевдин жакынымын деп тааныштырган Канатбек Конушбаевдин айтымында, 4-5 ай мурда аны көчөдөн милиция документин текшерүү үчүн кармап, Кыргызстанда издөөдө жүргөн адам катары камап койгон. Ошол убактан бери Тешебаев менен жолугууга же сүйлөшүүгө да уруксат берилген эмес. Туугандары анын кан басымы көтөрүлүп, ден соолугу начарлап жатканын айтышууда. Тешебаевдин жакындары аны Кыргызстанга экстрадициялоону тездетүүнү өтүнүп жатышат.

- Орусияда иштеп жүргөнүнө эки жыл болуп калган. Бир күнү эле милиция каттоосун текшеребиз деп кармайт. Милициянын бөлүмүнө барганда издөөдө жүргөн адам катары камап коюшуптур. “Мен издөөдө жүргөнүмдү билген эмесмин, мындай болушу мүмкүн эмес”, - деп өзү деле таң калып атат. Бул кишинин азыр ден соолугу да жакшы эмес. Анын чуркай турган да эч кимиси жок, балдары жаш. Орусиянын аймагында кылмыш кылбагандыктан тергөөчүсү жок экен. Андай болбогон соң бизге аны менен жолугушканга, сүйлөшкөнгө болбойт экен. Кармалгандан бери көрө элекмин.

Кубанычбек Тешебаевдин издөөдө экенин Базар-Коргон милициясы “Азаттыкка” тастыктады. Ал мектепте иштеп жүргөн убакта жылуулукка бөлүнгөн каражаттын 60 миң сомдон ашыгын максатсыз коротуп, кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган экен. Бирок Орусияда кармалган Тешебаевдин жакындары бул ишти Кыргызстанга келип далилдөөгө даяр экенин белгилеп жатышат. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, чет жакта абакта жаткан жарандарды экстрадициялоо жол-жобосу кылмыш, укук жана үй-бүлө иштери боюнча конвенциянын жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин эл аралык укуктук иштер боюнча кызматташуу бөлүмүнө ылайык ишке ашат. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кылмышка шектелип кармалгандарды мекенине өткөрүү процесси узакка созуларын эскертүүдө:

- Кайрылган арызынын негизинде элчилик аракет жасайт. Эгер укугу бузулуп жатса, нота жазып же жергиликтүү укук коргоо органдарына кат жазабыз. Азыр көбү насыя алып иштегени кетип калат, же дагы башка болот. Өзүнүн издөөдө экенин билбей жүрө берген ар кандай учурлар бар. Учурда 2,5 миңдей кыргызстандык Орусиянын аймагында соттолгон. Ал эми экстрадиция маселеси абдан көптө чечилчү жараян. Бул эки өлкөнүн келишимдерине ылайык ишке ашат, биз ага кийлигише албайбыз.

Баласын көрүүгө зар болгон эне

Айымкан Кулукееванын айтымында, Орусияда кыргызстандыктар түрдүү кылмыштар менен соттолгон. Арасында маңзат соодасы, адам өлтүрүү, алдамчылык жана талап-тоноочулук менен отургандар бар. Болбогон эле бир иштер менен отуруп калгандар да жок эмес.

Мисалы 22 жаштагы Толкунбек Кенжебеков былтыр Жаңы жыл майрамынын алдында бирөөлөр менен мушташты деп кармалган. Жок жерден кырсыктады деген апасы Жаңыл Сейдеева баласын сегиз айдан бери чыгара албай убара болуп жатканын айтты:

- Барбаган жерибиз калбады. Башкы прокуратурага, Кыргызстандын, Орусиянын акыйкатчысына, Жогорку Сотко кайрылдык. Бардык жерден эле жакшы жооп болбой жатат. Жолдошум президентке да кат жөнөттү. Балам менен чогуу кармалган балдар акча берип чыгып кетиптир. Балам эле калып жатат. Чогуу кармалган балдар кийин абалын сурап, тамак киргизип койгонго жараган жок. Азыр балама такыр жолуга албай жатабыз.

Эксперттер Орусияда кыргыз жарандары жасаган кылмыштардын өсүшүн ал жакта мигранттардын жылдан-жылга көбөйүшү менен түшүндүрүүдө. Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусияда 600 миңге жакын кыргызстандык жашап, иштейт. Москвадагы “Кыргызстандыктар” биримдигинин төрагасы Эгемберди Мырзабеков кылмышка жана күтүүсүз кырсыктарга кабылбаш үчүн мигранттар жүрүм-турумун оңдоп, маданиятын да жогорулатышы керек деген ойдо.

XS
SM
MD
LG