Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:58

НАТОнун өкүлдөрү Украина кризиси боюнча чогулушат


Бүгүн Брюсселде НАТОнун өкүлдөрү чукул жыйынга чогулуп, Чыгыш Украинадагы кризисти талкуулашат. НАТО өз маалыматында Украинада Орусиянын миңдей аскери согушуп жатканын айтып, спутниктен тартылган орус техникаларынын сүрөттөрүн жарыялады.

Президент Барак Обама Украинадагы жикчил күчтөр Орусиядан каржыланып, даярдыктан өткөрүлүп, курал менен камсыздалып жатат деп, бирок Украина маселесин чечүү үчүн аскер колдонбойбуз деди:

- Биз украин маселесин чечүү үчүн аскердик аракетке барбайбыз. Биз Орусияга басым жасаш үчүн эл аралык коомчулукту даярдап жатабыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 28-августтагы чукул жыйынында АКШнын өкүлү Саманта Пауэр Орусия “жалганды айтып, башты айландырып жатат” деди. Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин Чыгыш Украинада орус жарандары бардыгын моюндап, бирок алар өз эрки менен баргандар деп билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG