Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 21:58

Кыргызстандын эгемендигине 23 жыл толду


Бул күнгө карата Бишкектеги борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык салтанат башталды. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилери, жарандар катышууда. Ошондой ар бир облус, район борборлорунда көз карандысыздыктын 23 жылдыгына карата ири майрамдык иш-чаралар өтүүдө.

Бишкекте кечкисин эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт тартууланмакчы. Коомдук тартипти сактоо үчүн жалпысынан борбордо үч миң милиция кызматкери иштеп жатат.

1991-жылы 31-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өлкөнүн мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация кабыл алган. Бул саясый документке ылайык, Кыргызстан көз карандысыз, суверендүү мамлекет деп жарыяланган. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG