Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Бүгүн Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши каралат


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Ош коогасы боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча бүгүн Жогорку Сотто кезектеги отурум болот. Аскаровдун камакка түшкөнүнө 15-сентябрда 4 жыл толот.

Ал 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондо улут аралык чатакка жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, райондук сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Быйыл жазында Бишкектин Октябрь райондук соту Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидовдун арызын канааттандырып, иш кайра тергеле баштаган.

Укук коргоочу өзүнө коюлуп жаткан айыптоолордун негизсиз экенин айтып келет. Ал учурда Бишкектеги түрмөлөрдүн биринде отурат. (SE)

XS
SM
MD
LG