Чукул эскертүү
18-20-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 18-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. 19-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 20-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.
Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
20-21-сентябряда Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0…-20 үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчалар жана жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Аба ырайы
17-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24,
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16 күндүз 28...33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25 болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 9…11, күндүз 24…26 градус болот.