Мындай маалыматты аталган жолдун куруучулары “Азаттыкка” билдирди. Маалыматты облустук акимчиликтен да тастыкташты.
Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунда ушул жылдын 11-январында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыгып, куралдуу кагылыш орун алган. Ошол мезгилден баштап жолдун курулушу токтоп калган болчу. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 13-августта аталган жолдун мурда токтоп калган жеринен эмес, Ак-Сай айылы тараптан курулушу жанданган болчу. 27-августта кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын жолугушуусунан кийин эки тарап макулдашып, жол курулушу жанданган. (JsA)