Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Ошто июнь коогалаңын соодалагандар кармалды


Ош шаарында Июнь окуясында жабыр тарткандарга салынган үйдөн батир алып берүүгө убада берип, жарандардан төрт миң долларга чейин акча алып жүргөн эки аял кармалды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

- Кармалган аялдар ишенчээк жарандарды жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн бирине алып барып, бир батирди көрсөтүп, "ушул батир сеники болот" деп акчаларын алышкан. Ал тургай батирлердин бирөөсүн бир айга ижарага алып, ал үйгө бир үй-бүлөнү киргизип коюшкан, - дейт Сыдыков.

Алдамчылыкка айыпталып кармалган эки аял учурда Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2010-жылдагы июнь окуясынын жабырлануучуларына батирлер берилип бүткөн. Андан арткан батирлердин тагдыры али чечиле элек. (YI)

XS
SM
MD
LG