Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Ашууда калгандардын бирөө каза болду


Көк-Суу жайлоосунда ашууда калган 8 жарандын бирөө суукка тоңуп өлгөнү кабарланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Анара Мамбеталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында калың жааган кардан улам ашуудан 7 чабан өтө албай турат. Аларды куткаруу үчүн Коргоо министрлигинин тик учагы кырсык болгон жерге учуп кетти. Сууктан каза болгон чабан 52 жаштагы Беш-Мойнок айылынын тургуну Толкунбай Абдыров.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын 9 малчысы 2000 баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда калың жааган карга камалып калышкан. Дайынсыз калган чабандарды издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн эртең менен Жалал-Абад шаарындагы куткаруу кызматы автоунаалар менен жөнөп кеткен. Ашууда калган чабандардын жакындары жардам сурап кечээ кечинде кайрылышкан.(UEz)

XS
SM
MD
LG