Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Кашкар Жунушалиев Бишкек шаардык милициясын жетектейт


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчылыгына Кашкар Жунушалиев дайындалды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинен тастыкташты. Ал жакынкы аралыкта шаардык милициянын жамаатына тааныштырылмакчы.

Жунушалиев буга чейин Ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенип келген.

Кашкар Жунушалиевге 2012-жылы "Кызматынан кыянат пайдаланган" деп кылмыш ишин козголгон. Бирок кийин ал сот тарабынан акталып, кызматы калыбына келтирилген.

Бишкек милициясынын буга чейинки жетекчиси Мелис Турганбаев Ички иштер министри болуп дайындалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG