Өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурсттар агенттиги Таластагы Жерүй кенин иштетүү үчүн лизенциянын баштапкы баасы 100 миллион доллар деп сунуштады.
Бул тууралуу кенге сынак өткөрүү боюнча комиссиянын алгачкы жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, аталган комиссия кендин баасы тууралуу акыркы чечимди 9-ноябрга чейин кабыл алышы керек. Анда сунушталган баа өзгөрүшү мүмкүн.
Буга чейин өкмөт Жерүйгө сынак өткөрүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзгөн. Ага ар кыл мамлекеттик органдардан 25 адам мүчө болгон. Комиссия бир айдын ичинде сынактын тартибин жана шарттарын иштеп чыгып, өкмөткө сунушташы зарыл.
Өкмөт өткөн жылы Жерүй алтын кенин сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Эксперттер баштапкы баанын жогору болушу жана соттошуулар конкурстун үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришкен.
Таласта жайгашкан бул кен Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени катары эсептелет. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (BkA)